“Кыргыз соода биримдиги” коомунун өкүлү Анарбай Эргешев 2008-жылы Кара-Суу районунда 1, 78 гектар жерди сатыкка койгон эч кандай аукцион болбогон дейт. Ал бул тууралуу тегерек столдо билдирди.

 

 Айтымында, аталган жер тилкесине менчик укугу  Кара-Суу райондук администрациясынын 2001-жылдагы № 741 токтому жана 2004-жылдагы №132 токтому менен бекитилген. 

 

“Кумрихан Мирзаева жер тилкесин аукциондо сатып алгам деп жатат. Сарай айыл өкмөтү болсо эч кандай аукцион болбогонун айтууда. Ага карабай Мирзаева маалымат жыйынында мени коркутуп-үркүтүп, ал турмак кол да көтөрдү. Ал аукционду жасалма өткөргөн аны соттун чечими да тастыктайт. Алар жерди басып алышып, 10 жылдан ашык колдонушкан”, - дейт Эргешов.