Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Жалал-Абад шаардык сотунда 20-мартта беш жаштагы кызды зордуктаган кылмышкерге карата өкүм чыгарылган.

 

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад ИИБине шаардын тургуну кайрылып, А.У.аттуу жаран анын беш жаштагы кызын уурдап кетип, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөнүн билдирген.

 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык жана соттук-биологиялык  экспертиза кыздын зордукталганын аныктаган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.Унун күнөөсү толугу менен далилденген.

 

Жабырлануучу эрезеге жете элек болгон кылмыш иштери толугу менен башкы прокуратуранын көзөмөлүндө болот.