Токмок шаарындагы кол салуу боюнча тергөө амалдары уланып, азырынча бир гана шектүү кармалган. Анын жанынан жасалма доллар жана сом акча кагаздары чыккан.

 

Учурда жабырлануучулардан көрсөтмө алынды. ИИМден белгилешкендей, жасалма акча жасагандарды кармоо боюнча маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши боюна кызматтык иликтөө соңуна чыгып, ал боюнча Токмок ШИИБинин жетекчиси сөгүш алды.

 

 

  Аталган факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин “каракчылык” жана “ден соолукка атайылап зыян келтирүү” беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Эске салсак, 2017-жылдын 28-декабрында Токмок шаарындагы бир үй-бүлө каракчылардын курмандыгы болгон. Түн ичинде үйгө бастырып кирген каракчылар үй-бүлө мүчөлөрүн сабап, акча жана алтын жасалгаларды алып жолдоруна түшүшкөн.