Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков   24-мартта
шахмат боюнча дүйнө чемпиону жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик
Думасынын депутаты Анатолий Карпов менен жолугушту.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.



Мамлекет башчысы Анатолий Карповго Кыргызстанга кезектеги келиши жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин Кубогуна балдар арасында шахмат боюнча V
мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.



Президент Сооронбай Жээнбеков мелдеш өлкөдөгү шахмат оюнун өнүктүрүүгө
маанилүү дем бергенин жана шахмат боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону
Анатолий Карповдун экинчи жолу катышуусу мелдештин популярдуу болуп
баратканынын далили экенин белгиледи.



«Сиздин колуңуздан сыйлык алган балдар үчүн бул эстен кеткис окуя болот», -
деп белгиледи Президент.



Шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов Мамлекет башчы менен болгон
баарлашуу учурунда Кыргызстанда шахматка болгон өзгөчө балдар арасында абдан
чоң кызыгуу байкалып жатканын белгиледи.



«Шахматка кызыгуу аябай өстү. Былтыр турнирге 250 бала катышса, быйыл
алардын саны 400гө жетти. Булардын ичинде эң эле кичинекей, татынакай балдар
бар. Ийгиликтер да бар, бир бала дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээледи.
Кыргызстанда абдан таланттуу балдар бар, мен алардын мындан аркы өсүшүнө
жардам беребиз деп ойлойм», - деди Анатолий Карпов.



Президент Сооронбай Жээнбеков менен Анатолий Карпов 2018-жылы Ысык-Көлдүн
жээгинде балдар арасында шахмат боюнча Кубок өткөрүү, андан соң Кыргызстанда
А. Карпов шахмат Академиясын ачуу маселелелери боюнча пикир алмашышты.