«Настоящее время» телеканалынын журналисти Ренат Давлетгилдеев Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновскийди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады. Ал башка эркектерди дагы саясатчылар тарабынан жасалган мындай окуялар тууралуу ачык айтып чыгууга чакырды.

 

Журналисттин айтымында, Жириновский мындай ыксыз кадамга 2006-жылы, «Орусия периси» сынагынын финалы тууралуу анча чоң эмес маек маалында барган. Окуя Давлетгилдеев өзүнүн ориентациясы тууралуу ачык айта электе болгон. Ал буга чейин бул көрүнүштөн уялып, айтпай келген.

 

Владимир Жириновскийдин уулу, Мамлекеттик Думанын төрага орун басары Игорь Лебедев «Настоящее времяга» бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. «Мен силер менен сүйлөшүүнү каалабайм. Силердин кумса кесиптешиңерди талкууламак белек?», — деди ал.

 

Буга чейин бир нече журналист Либералдык-демократиялык партиянын дагы бир депутаты Леонид Слуцкийди сексуалдык ыдык көрсөтүүлөргө айыптап чыгышкан. Бирок атайын түзүлгөн Мамлекеттик Думанын комиссиясы депутаттын аракеттеринен эч кандай мыйзам бузууну тапкан эмес жана журналисттерге бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштаган. Мындан кийин бир нече орусиялык ММК өлкө парламентинде иштөөдөн баш тарткан. Слуцкийдин өзү ыдык көрсөтүүлөр тууралуу айыптоолорду «сандырактык» деп атаган.

 

«Настоящее время» телеканалы – «Эркин Европа/Азаттык» радиосу медиакорпорациясы менен «Америка үнүнүн» биргелешкен долбоору. Каналдын максаты – дүйнөдөгү орус тилдүү аудиторияны объективдүү маалыматтар менен камсыздоо.