Спектаклдин алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин  кеңешчиси Б.Абдыжапарова элчи Болот Отунбаевдин куттуктоосун жар салды. Буга улай Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын вице-премьер-министри Р.К.Ахметшиндин дагы куттуктоосу кошо окулду.

 

Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” спектаклин Москва шаарынын интеллигенциясы, Татарстан Республикасынын жетекчилиги, Кыргыз-стандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, эл аралык бир катар уюмдардын өкүлдөрү көрүшүп, жылуу ой-пикирлерин калтырышты.

 

Баса, аталган спектакль дүйнөлүк алкактагы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун быйыл белгиленчү 90 жылдык мааракесинин урматына арналып көрөрмандарга тартууланды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити, №010, 21-март 2017-ж.