Кармалган жигит Памуккале районунда иштейт. Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү өлүм болгон күнү кызды үйүнө чейин жеткирүүнү сунуштаган. Кыз кафеде иштеген, жумуштан үйүнө кайткан учурда жеткирип коюну сунуштаган жигитке терс жооп берген. Ошондо жигит кызды күч менен машинесине салып, эл жок жакка алып кеткен. Ал жакта жигит кызды зордуктап, өлтүрүп, жол кырсыгы катары көрсөтүү максатында сөөктү машинеси менен тебелеген.
Сурак учурунда шектүү кылмышын моюнуна алды. Кылмыш иши сотко өткөрүлдү.