Кыргызстандын президентинин иниси, ЖКнын мурдагы спикери, учурдагы депутат Асылбек Жээнбеков өзүнүн мурдагы фракциялашы Мээрбек Мискенбаевдин талабына жооп кайтарды. Мискенбаев Жээнбековду өлкөдөгү кландык бийлиги менен күрөшүү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, салым кошууга чакырган болчу.

 

Асылбек Жээнбеков экс-фракциялашынын бул талабын “провокация” деп баалап, аны аткаруудан баш тартты.

 

“Мискенбаев провокатор, ал Аксыдагы 2002-жылдагы кандуу окуяда курман болгондорду эскерүү митингинде жасаган билдирүүсү менен коомчулукка туура эмес түшүнүк берди”, - деген А. Жээнбеков.

 

Мээрбек  Мискенбаев 17-мартта болгон митингде: “Президенттин иниси өлкөдө кландык бийликтин кайталанып калбашы үчүн депутаттык мандатын тапшырышы керек. КСДПнын төрагасы, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанды башкарган Алмазбек Атамбаев бир дагы тууганын бийликке жакындаткан жок. Сооронбай Жээнбеков да ал кишиден үлгү алып, анын иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырып бериши керек”, - деген.