Жалал-Абад шаарындагы Футбол федерациясынын эки спорт аянтчасында 11-12 жаштагы балдар арасындагы 22 команданын ортосунда болуп өткөн кичи футбол турниринин жыйынтыгы чыгарылды.

 

Ушул жылы 16-18-мартта областтын район-шаарларынан келген 22 команданын ортосунда кызуу таймаш болуп, анда республикалык турнирде Жалал-Абад областынын намысын коргоочу курама команданы тандап алуу максат кылынган.

 

Анын жыйынтыгында биринчи орунду Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин командасы, экинчи орунду Кочкор-Ата шаарынын “Нефтичи” балдар командасы, үчүнчү орунду Токтогул районунан келген балдар командасы ээлешти. Жеңүүчүлөргө кубоктор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. 

 

Эскерте кетсек, бул футболдук турнирге “Асыл” курулуш фирмасы демөөрчүлүк кылып, уюштурган.

 

-Буга чейин мындай турнир бир гана түштүк аймагы боюнча өткөрүлүп келген. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, Жалал-Абад областы өзүнчө өткөрдү, анткени район-шаарлардан келген командалардын саны арбын болуп, жалпысынан 22ни түздү. Эми республикалык мелдештерге даярдык көрөбүз, - дейт областтык футбол федерациясынын президенти Таирбек Чойбеков.