15-марттын кечинде Санкт-Петербург шаарындагы Н.Ф. Филатов атындагы №5 клиникалык балдар шаардык ооруканасына Есенин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 5 жаштагы бала оор абалда жеткирилген. Ал Кыргызстандын жараны болуп чыккан. Балага угар газынан катуу уулануу деген диагноз коюлган.

 

Баланын ата-энесинин айтымында, ошол күнү кечки саат 7 лер чамасында энеси дүкөнгө чыккан. Бала үйдө жалгыз калган. Ошол убакта электр сайгычында туташуудан жалын чыккан.