Учурда аскер кызматкерлери үчүн 22 турак-жай куруу пландалууда. Анда 1 миң 129 батир болот.

 

Бул тууралуу коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирген.

 

Айтымында, учурда Кыргызстандын жетекчилиги куралдуу күч тармагына жетиштүү көңүл бурууда.

 

Квалификациялуу аскер кадрлары дайындалып, аскер техникалары жаңыртылган. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине үй куруу иштери да уланууда.

 

“Белгилеп коеюн, 2 миң 65 батирлүү 79 обьекттин курулушу толугу менен аяктады”, - деген ал аскер тармагындагы дисциплина так сакталып, коррупцияга байланышкан эреже бузуулардын алдын алуу зарылдыгын белгилеген.