Ысык – Көл облусундагы Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 68-чакырымында 18-мартта 3 миң кубометрлик кар көчкүсү жүрдү.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге атайын техника жөнөтүлгөн. Жол убактылуу жабылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуядан жабыркагандар жок.
Буга дейре, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 104-чакырымында да көчкү жүргөн.