Премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жалал-Абад облусунун губернатору Кыянбек Сатыбалдиев Аксы окуясынын каармандарын эскеришти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, аткаминерлер окуя болгон Боспиек айылына барышкан.

 

Аксынын Бозпиек айылында 2002-жылы Үзөнгү-Кууштун Кытайга сатылып кеткенине нааразычылык билдирип чыккан элге бийлик тарабынан ок атылып, бир нече жаран каза тапкан.

 

“Бүгүн биз авторитаризмге өз элинин жаркын келечеги үчүн каршы чыгып, ал үчүн өмүрлөрүн курмандыкка чалган жарандарды эскеребиз. Алар сырткы душмандардын колунан эмес, өз бийлигинин огунан каза табышты. Мурдагы бийлик өз элине каршы чыкканы бизди абдан кайгыртат. Жеке кызыкчылыктарын элден жогору коюп, алар чыныгы жүзүн көрсөтүштү”, - деп Сапар Исаков сөз сүйлөдү.

 


 Премьер-министр бийликтин жалгыз булагы эл  болуп эсептелерин белгиледи. Элдин колдоосу жок бийлик көпкө өмүр сүрө албайт.