Премьер-министр Сапар Исаков “Ош” эларалык абамайланындагы жаңы залдын ачылышына катышты. Ал Жалал-Абаддан Ошко вертолет менен келди.

 

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Анда маалымдалгандай, Сапар Исаков мындай инфраструктуралык обьектердин курулушу өлкөнүн өнүгүп жатканын кабары экенин белгиледи.  Өлкөдөгү башка абамайдандардын мындар аркы өнүгүү пландары өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө болот.

 

“Жаңы зал заманбап жабдуулар менен жабдылган. Абамайдандын модернизациясы жарандарыбыздын жана чет өлкөдөн келген коноктордун ыңгайлуулугуна, коопсуздугуна карап, бардык чараларды эске алуу менен ишке ашырылды. Бул тармактын келечеги кең”, - деди өкмөт башчы.