"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайды кайра иштеткен кытайлык "Жунда" заводуна жергиликтүү тургундардын нааразы болуп жатканын айтты.

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат  атайын комиссия заводдон чыккан түтүн экологияга зыяндуу эмес деген расмий тыянак чыгарылганын белгилеп, бирок   жергиликтүү тургундар түнү  иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөнүн билдирди.

 

“Эл «Жунда» заводу мунайзатты кайра иштетүүдөн пайда болгон зыяндуу затты түнкү саат 12:00дөн кийин чыгарат деп жатышат. Элдин өтүнүчүн канааттандырып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынан турган комиссия түзүп, заводдун ишин текшерүүгө алуу керек”, - деп өкмөткө кайрылды.