Нарын облусунда Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бетондон тургузулган тосмого урунуп, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ болжол менен саат 20.30дарда болгон.
Howo үлгүсүнүн айдоочусу Ысык-Көл облусунун 32 жаштагы тургуну болгон. Ал Бишкек- Нарын- Торугат автоунаа жолунда машинесин айдап баратып, рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бетон тосмосун сүзүп, андан кийин машине оодарылган. Айдоочу ошол жерден мүрт кеткен.
Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.