Депутат Улукбек Ормонов  Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттөгү адистердин ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирди.

 

“Ар кыл маселелер саатында элге тийиштүү көйгөйлөр көтөрүлөт. Бирок ага өкмөттөгү тийиштүү адистерден туура эмес жооптор келип жатат”, - деди депутат.

 

Айтымында,  ал Көк-Жар жаңы конушунун тургундарынын  газга кошулбаганын трибунадан билдирген, бирок ага    бул аймакта газдаштыруу толук бүттү деген жооп жөнөтүшкөн.

 

Мындан сырткары, такси кызматын көрсөтүүчү “Яндекс” компаниясы канча салык төлөөрү боюнча жөнөткөн суроо-талабына жооп келе электигин айтты.

 

“Шаар боюнча 6000дин тегерегиндеги такси айдагандар төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөйт экен, компаниянын офиси болсо Москва шаарында экен. Биздин акчалар сыртка чыгып кетип жатабы?”- деди депутат.