Депутат Карамат Орозова жөлөкпул боюнча жаңы мыйзамдын зарылчылдыгы жок деп эсептейт.

 

Ал бул тууралуу “Парламент” радиосунун түз угуусунда билдирди.

Айтымында, жаңы бюджет долбоору бекитилип жатканда 1млрд. 800 млн. сом атайын жөлөкпулдарга деп каралган.

“Ал ушул жылы иш жүзүнө ашырылышы керек болчу. Жаңы мыйзамды токугандын ордуна  жогорудагыны тактап, толуктап алып чыгарышса болмок”, - дейт депутат.

 

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев:  “Жаны доорго кырк кадам” долбоорунун 28 – беренесинде “Бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк” , - деп жазылып тургандыктан, балдардын социалдык абалы да өйдө – төмөн бөлүнбөй, бардыгына тегиз кам көрүү талаптары аткарылыш керек болчу.

 

Жөлөкпул берүүдө даректүүлүк керек. Ал эми ал абал кантип аныкталат? Жакыр үй – бүлөнү кантип тааныса болот? Ушуга окшогон суроолордун бардыгы мыйзамда так көрсөтүлүп жазылыш керек. Бул ирет андай аныктамалар мыйзамда берилген эмес. Бул жагы укуктук – ченемдик актылар аркылуу жөнгө салынат, - деген туура эмес. Эгер мыйзамда бардыгы так жазылганда, жөнөкөй жарандарга да бардыгы ачык –айкын болмок”, - деп билдирген.