Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу келишимден чыгууну чечти.

 

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады:

 

- Милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин даярдалышына байланыштуу болду.

 

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок теңата инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», - деди Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсен Момункулов.

 

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол койгон. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулары айтылган.