Кечээ 13-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Эл Аралык Университетте жогорку окуу жайлар арасындагы республикалык универсиаданын салтанаттуу ачылышы болду.

 

Бул спорттук мелдештерге ар кайсы аймактардагы 17 жогорку окуу жайларынан келишкен командалар катышууда. Жалпысынан суденттерден турган 19 команда спорттун 6 түрү – волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, бокс боюнча биринчи лигада беттешишет. Ал эми спорттун калган түлөрү боюнча оюндар Бишкек шаарында өткөрүлүүдө. Жалпысынан универсиадада спорттун 15 түрү боюнча жарыш жүрөт.

 

Белгилей кетсек, буга чейин универсиада дайыма борбор калаада гана өтүп келген, эми ал биринчи жолу аймактардан Жалал-Абад шаарында өткөрүлүп жатат.Мындан ары универсиаданы өткөрүүаймактарга эстафета катары берилмекчи.Уюштруучулардын айтымында, келерки 2019-жылда Ош областында өткөрүү пландалган, ал эми Жалал-Абаддагы универсиадалык оюндар 17-март күнү аягына чыгат. 

 

Кошумчалай кетсек, буга чейин болуп өткөн универсиадаларда Жалал-Абад шаарындагы Эл Аралык Университетинин балдарда турган валейбол командасы биринчи орунга, ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыздардан турган тогуз коргоол командасы экинчи орунга жетишкен.

 

Аталган республикалык спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү быйыл Россия федерациясынын Краснодар шаарында болуучу студенттер арасындагы дүйнөлүк универсиадага катышышат.