Кокус Кыргызстанда үчүнчү революция болсо, ал Тогуз-Торо районунан башталат окшойт. Анткени демейде кой оозунан чөп албаган бул аймактын жашоочулары жазды күтпөй эле кыштын кыраан чилдесинде улам чогулуп, Казармандагы Макмал кенинен алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна каршылык көрсөтүшүүдө.  Эл кытайлык “Жи Эл Макмал девелопинг” компаниясын биротоло жаап салууну талап кылып жатат. Эгер аталган фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыяны тийет экен.  Мындан тышкары кытайлык компания фабриканын курулуш долбоорун тийиштүү экспертизадан өткөрбөстөн, ага айлана-чөйрөнү коргоо жана экология адистеринин да корутундуларын албай эле ишти “кыргызча” баштап атыптыр.Ошондуктан Союздун учурунан бери аймакта алтын казылган менен турмуш шарты оңолбогон эл “кечтим байдын кызынан” деп, жумушсуз калышса деле болочок муун үчүн экология менен эл, жерди сактап калуунун камын көрүшүүдө. Тогуз-Торонун тургундары ушундай талаптар менен февраль айында эки жолу митингге чыгышса да бийлик тараптан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Үчүнчү ирет, 10-мартта дагы 400дөй киши нааразылык акциясына чыгышканда жогор жактагылар да чочуп кетти окшойт, тийиштүү экспертиза чыкканча кытайлык компаниянын иштөөсүнө тыюу салынды.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити