Картинки по запросу бешбармак гиннес 

 

“Тойдун болгонунан да болору кызык” демекчи, бир нече демилгечи жарандык коом өкүлдөрү 1 тонна бешбармак, 100 метр чучук даярдап, Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракетин көрүп жатышкандыгын жарыя кылышканда, ишенип-ишенбей калганбыз. Ошентип баарыбыз күткөн 11-мартта 8 жылкы союлуп, 552 кил камыр жуурулуп, 12 тай казанга алдын ала эт бышырылып, беш миңге жакын бишкектиктердин катышуусунда 1 тонна 464 кил бешбармак, 117 метр чучук даярдалды. Бул окуяны жалпы кыргызстандыктардан тышкары Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү байкап турушту. Ал эми бир нече саатка созулган иш чара видеого тартылып, англис тилине которулуп, Гиннеске жиберилди. Эми эки жуманын аралыгында бул уюм жооп бериш керек. Бирок “бышкан ашка сынчы көп” демекчи, эртеси күнү эле бул жакшы саамалыкты сындагандар да болбой койбоду. Деги, өкмөт менен мэриянын бир сом каражаты коробогон соң, баардык чыгымдарды жеке адамдар менен ыктыярчылар көтөрүп жаткандыктан, алардын эмнеге ичи тарыйт десең. Баса, алдын ала чакыруу болгондугуна карабай, президент, өкмөт, мэриядан дем алыш күн экендигине карабастан, бир да жетекчи же алардын чабарманы келип, жарты ооз жакшы сөз сүйлөп койгонго жарабады. Атың өчкүр бийлигиң алгач 5-март – Ак калпак күнүндө Ала-Тоо аянтында өткөрүү белгиленген иш чарага тоскоолдук кылып, ар кайсы шылтоонун башын бир айтып, уруксат бербей койгон эле.  Айтор, эл өзү менен өзү, бийлик өзү менен өзү болуп калыптыр.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити