Ырынан чыры көп, эл арасында депутат эмес,жепутат” деген ылакап атка конгон Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып атканда, жакында аларга мамлекеттик бюджеттен канча каражат коротулары тууралуу маалымат жарыяланды. “Ачык-айкын бюджет” порталынын эсебине ылайык, 2013-жылдын январь айынан 2018-жылдын март айына чейин депутаттарга жалпысынан  3 млрд. 756 млн. 578 сом жумшалыптыр. Бул сумманын басымдуу бөлүгү же 2 млрд. 605 млн. 929 миң сом депутаттардын, парламенттин аппаратынын жана кошумча жалданган кызматкерлердин маянасына сарпталыптыр. Анын ичине негизги айлык, ага кошумча акча, компенсациялар жана башка каражаттар кирет. ЖК мындан сырткары 399 млн. 999 миң сом Социалдык фондго төлөгөн, 117 млн. 523 миң сом кызматтык сапарларга кеткен. Бул сумма көппү же азбы, ал жагын тийиштүү адистер айтышар. Бирок коомчулукта пайдасынан зыяны көп же жазган мыйзамдарынан майнап чыкпаган депутаттарды таратып салуу керектиги же жок дегенде санын азайтуу тууралуу пикирлер көп айтылууда. Балким, башка мамлекеттердин парламентинде деле депутаттарга ушундай бюджет бөлүнөр. Тилекке каршы “бечелге жөтөлдүн кереги не” демекчи, сырткы карызыбыз астрономиялык суммага жетип, жумушсуздук кара тумандай каптап, экономикабыздын абалы ташбака кейпине түшүп калган азыркы учурда чындап эле депутаттардын санын, ага жумшалган каражатты кескин түрдө азайтуу туура болор.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити