Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «2013-жылдын
20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз
Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалымат коопсуздугун
камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын
25-январында  кабыл алынган. 

 

Макулдашуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин
маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен
координацияланган иш-чараларды жүргүзүү максатында иштелип чыккан. 

 

Макулдашууга ылайык Тараптар Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү
мамилени, маалыматтык системаларда маалыматтык коопсуздук коркунучтарын
талдоону жана балоону жөнгө салуучу мыйзамдарын жакындатуу боюнча өз ара
аракеттенүүнү жана кызматташууну уюштурат. 

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү