Камалгандардын алтоосу Араван, бири Өзгөн районунан колго түшүрүлгөн.

 

Бул тууралуу  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, учурда   кармалгандар  тергөөгө алынууда.

 

Белгилей кетсек, ушул эле жылдын 1-мартында да  Ош аймагында  «Йакын инкар» агымына мүчө делген   тогуз киши соттолгон болчу. Ош шаардык соту аларды   "диний-экстремисттик агымдын идеологиясын тараткан" деп айыптап, үч-төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кескен. Алар  2017-жылдын 15-июнунда Кара-Суу районунда кармалган.