Бүгүн, 13-мартта. Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин  "Ата Мекен" фракциясынын лидери  Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону уланат.

 

Бул тууралуу анын адвокаты   Чынара Жакупбекова билдирди.

 

Айтымында,  бүгүнкү процессте    иштин материалдары изилденет. Сотко Шыкмаматов өзү келиши ыктымал.

 

Эске салсак, өткөн жумага белгиленген процесске   Алмамбет Шыкмаматов ден соолугуна байланыштуу катышкан эмес. Ага  инфаркт коркунучу пайда болгон деген аныктама дарыгерлер тарабынан коюлган. Бул жолу да анын адвокаты депутат ден соолугун чыңдап алгыча, процессти токтото туруу боюнча сотко өтүнүч келтирген. Бирок, сот четке каккан.