Бүгүн 13-мартта 2030-аскер бөлүгүндө болгон чегарачы экинчи чегарачыны куралды колдонууну билбегендиктен, капысынан ок чыгарып атып салды.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда,    келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкери куралды туура эмес колдонуунун курмандыгы болгон.

 

Аталган кызматтан билдиришкендей, 2017-жылдын жазында аскерге чакырылган катардагы жоокер капыстан ефрейторду атып алган. Алган жараатынан ефрейтор ооруканага бараткан жолдо каза тапкан. Учурда  окуянын себептери  иликтенүүдө. Окуя болгон жерде аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жеринде иштеп жатышат.

 

Белгилей кетсек, №2030 чек ара аскер бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан.