Чыгыш-Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти аймакта ондогон үйлөр суу алдында калганын билдирүүдө.

 

11-мартта Аягөз районунда чукул кырдаал жарыяланды. Департаменттин маалыматы боюнча 40 үй дагы деле суу алдында. Жекшемби күнү кечинде куткаруучулар сел каптаган жерден 400 кишини көчүрүштү.

 

11-мартта аймакта бир суткада бир айлык нормадагы жамгыр жааганы кабарланган. Нөшөр жана жылуу аба ырайынан улам, региондогу ондогон үйлөрдү, короолорду суу каптады.

 

Облус борборунда жана Риддер шаарында аба ырайынын катаал шарттарынан улам, бүгүн мектеп жана колледждерде окуу болгон жок. Облустук жана республикалык маанидеги жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип, тоолуу райондордо көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

 

Департамент куткаруучулар табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга аракет жасоодо. Авариялык-куткаруу иштери үчүн жүздөгөн киши жана техника тартылды.