2014-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин ичинде «бомба бар» деп кабарланган жүргүнчү ташыган учакты атып түшүрүү буйругун берген. Бул тууралуу Reuters агенттиги жекшемби күнү социалдык түйүндөргө жайгаштырылган «Путин» аттуу документалдуу тасманын үзүндүлөрү жөнүндө баяндап жатып жазды.

 

Тасмада Путин Сочидеги Олимпиада ачылган 2014-жылдын 7-февралында ага Коопсуздук кызматынын офицери телефон чалганын айткан. Анда атайын кызмат өкүлү белгисиз адамдар Харьковдон Стамбулга бараткан учакты басып алып, аны Сочиге кондурууну талап кылып жаткандыктарын билдирген. Түркиянын Pegasus авиакомпаниясына таандык Boeing 737-800 лайнеринин учкучтары жүргүнчүлөрдүн биринде бомба бар экенин кабарлашкан. Ал маалда учактын ичинде 110 жүргүнчү, ал эми кышкы Олимп оюндарынын ачылуу аземи өтө турган стадиондо 40 миңден ашык киши болгон. Путин тасмада коопсуздук боюнча адистерден кеңеш сурап, мындай учурларда учакты атып түшүрүү каралганын уккандан кийин «план боюнча аракет көрүү» буйругун берген.

 

Бул телефондук сүйлөшүүдөн көп өтпөй Путин Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен бирге Олимпиадалык стадионго барган. Ал жактан телефону шыңгырап, бул маалымат жалган экенин, учакты жардырам деп коркуткан адам мас болгонун айтышкан.

 

11-мартта Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков окуянын чынында эле болгонун ырастады.

 

18-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Reuters агенттиги орус бийлиги быйыл 14-июнда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына карата күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрүп жатканын белгиледи.