Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-февралда Бишкектеги үйлөрдүн биринин жанынан 25-30 жаштагы аялдын бычак урулган сөөгү табылган.
Факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган.
Бул кылмышка шектелип 1988-жылы туулган жаран кармалган. Ал учурда абакка киргизилди.