Бишкекте 26 жаштагы кыз 8-кабаттан секирип каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кыз өлүм алдында кат жазып калтырган эмес.

 

Окуя 11-мартта болгон. Милицияга кабар эртең менен келген. Кыз ошол жерден алган жарааттарынан улам көз жумган. Туугандарынын айтымында, кыз акыркы убакта депрессияда жүргөн. Ал буга чейин да өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган. Учурда суицидке жеткирген себептер иликтенүүдө.

 

Эске салсак, ушул эле айда Бишкекте дагы бир кыз 7-кабаттан боюн таштаган. Тилекке жараша, ал аман калган.