Токмок шаардык сотунда өткөн жылдын  19-июлунда болгон жол кырсыгы боюнча процесс уланууда.

 

 Бишкектеги Биринчи май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев мас абалында унаа айдап баратып, рулду башкара албай калган да жол жээгинде токтоп турган машинеге урунган. Машиненин ичиндеги келин  каза тапкан. Анын артында 2 жаштагы баласы калды.

 

 Бул боюнча комплектүү экспертиза дайындалган. Келин эмнеден улам каза тапкандыгы аныкталат. Айыптоонун версиясы боюнча ал Данияр Сейталиевдин машинесинин кагылуусунан каза тапкан. Бирок, прокурордун жардамчысынын адвокаттары келин баткакка оонап калгандыктан, тумчугуп өлгөн деп айтышууда.

 

 Бул экспертизаны өткөрүү февралга белгиленген. Бирок, андан бери бир айдай убакыт өтсө да азырынча жыйынтык чыга эле. Ал эми сот процессии өлүмдүн себеби аныкталмайынча өткөрүлбөйт.