Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?

 

- Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

 

Картинки по запросу алга кылычев 

 

- Тилекке каршы, ошол жарандык коом дегендердин көбүнеси соттордун эки жактуу чыгарган чечимдерине, бүгүнку абалына салымдары барлар. Себеби, бейөкмөт уюмдардын таасири менен аларга чет элдерден адам укугун колдоо деген бет каптын аркасы менен эбегейсиз каражат алышат. Мына ошол  каражаттардын таасири менен мамлекеттин көз карандысыздыгына шек келтиргендей, баш аламан эч нерсеге жооп бербеген, улуттук ар намысыбызга шек келтирген мыйзамдардын жазылышына жол беришкен. Мына ушул кемчиликтерди жою максатында экс-президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен баш мыйзам өзгөртүлгөн.

Жаңы президентибиз С.Жээнбеков коргоо кеңешинде айткан сөзүн жалпы эл колдоого алуу керек. Себеби, акыркы күндөрү мыйзамды сактайт деген кээ бир соттордун жардамы менен кылмыш дүйнөсү баш көтөрүп, сатылган соттор менен эркиндикке чыгып жатышы өтө жаман көрүнүш. Бул жагдайды  президент өз көзөмөлүнө алат деп ишенем. Элине ак кызматын кылайын деген ой менен баштарын канжыгага байлаган жөнөкөй  кызматкерлердин эмгеги кайтпай жатат. Айтайын дегеним,  коррупцияга каршы, оор кылмыштарга каршы күрөшкөн канчалаган оперативдүү иштер, канчалаган мээнеттер менен козголгон иштер сотто сынып, кыйрап жатышы бүгүнкү күндө мамлекетке көлөкө түшүрүп көө жаап жатат. Бирок кечээки өткөн митингдин уюштуруучулары Кыргыздын ак калпак күнүндө элдин санын көбөйтүш үчүн атайын сценарий менен АНТИ АК КАЛПАК, АНТИ КЫРГЫЗСТАН дегендей таасир калтырышты. Аталган митингге чыккандардын алды апрель революциясында үйүндө коркуп отуруп, Бакиев кезинде ооз ачпаган, кайсы бир дин сектасынан миллиондорду уурдаган деп көптөгөн гезиттерде байма бай чыккан, 2010-жылда улут аралык жаңжал токтогондон кийин кылмыш иштеринен кутулуу максатында чыга калган, аркасынан ар кандай сөз ээрчиткен шуулдак балакай жана кызматынан куулган соң баатыр болуп чыга келген балкондо өскөн мадыра баштар менен саясаттан ордун таппай калган экс-мекстер. Булар бишкектиктердин, коноктордун майрамына ынгайсыздык жараткандыктары үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек. Соттордун мыйзамды сыйлоо менен туура иштештерине бийлик мындан ары да аракетерди кылат деп ишенем. Президентин демилгесин жалпы эл колдоого алышы керек!

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити