Картинки по запросу президент жана бомж 

Өскөн Абдукаримов, “Президент жана бомж-3” тасмасынын картина директору: “Спорт сарайында президенттин эл менен жолуккан эпизоду тартылмакчы”

 

- Өскөн мырза, сиз азыр “Президент жана бомж-3” тасмасына директорлук кылып атыпсыз. Буга дейре кино тармагына аралашып жүрдүңүз беле?

 

- Менимче, бардык эле адамдар бала кезинен кино көрүп, тасмага сын көз менен карайт. Кыскасы, кино дүйнөсү тууралуу четтен болсо да кабардар болот. Мен көп жылдар бою киного аябай кызыккан көрүүчү болуп жүрүп биринчи жолу “Туңгуюк” тасмасына катышкам. Жакында эле дагы бир киного тартылдым.

 

“Президент жана бомж” тасмасынын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков менен ал киши мындан 7-8 жыл мурда журналистика тармагында иштеп жүргөндө тыгыз кызматташчубуз. Ал эми “Президент жана бомж-1-2” тасмалары чыкканда кинолорду аймактарга коюуда кызматташуубуз уланды. Жакында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал бул тасманын 3-бөлүгү тартыла баштаганда аны жаратуучу коллективге түздөн түз киргениме кубанам.

 

- “Президент жана бомж-3” тасмасы 18-мартта спорт сарайында тартылып, чоң концерт менен коштолоору социалдык тармактарга кеңири сөз болуп жатат. Анда кайсы эпизод тартылмакчы?

 

- Ооба, баш калаабыздын спорт сарайында “Президент жана бомж-3” тасмасынын президент эл менен жолуккан эпизоду тартылмакчы. Чоң залдын ар-ар жеринен адамдар турушуп, микрофондон жаңы шайланган президентке ар кандай курч суроолорду беришет. Президент элдин бардык курч суроолоруна так жоопторду берет.

 

- Чоң залдагы элдин баары эле киного түшөт экен да анда?

 

- Залдын ар кайсы жеринен камералар элди кыдырата тартат. Арийне, бардык катышуучулар кыргыздын популярдуу тасмасына тартылып, көп жылдар бою көптөгөн телеканалдардан чыгып, эл эсине илинет.

 

- Концерт берилет экен го.

 

- Тасма жарым саат тартылат, болжолу. Көп эл келгенден кийин кызыктуу концерттик программа да тартууланмакчы. Анын үстүнө атактуу артисттер менен куудулдар да тасмага түшмөкчү.

- Билеттер кайда, качан сатылат?

- Азыр жарнама берилип жатат. Анда байланыш телефону көрсөтүлгөн: 0704-00-11-11. Билеттерди таратууну азыр өзүбуз жүргүзүп жатабыз. Жакындаганда спорт сарайдын кассасында да сатылмакчы.

 

Картинки по запросу президент жана бомж-3 

Күмүш Назарова, тасманын уюштуруучусу (администратору): “Кыргыз элинин сүйүктүү тасмаларынын бирине айланаарына бекем ишенем!”

 

- Күмүш айым, продюсер Төлөбеков менен режиссёр Сулайманов “Президент жана бомж-2” тасмасында Тимур Маматкулов, “Миллионердин сүйүүсүндө” Нарбото Анарбаев, Азур Насирдинова, Эшенкул Барпиев, Клара Токтобаева өңдүү жаңы жүздөрдү алып чыкса, бул жолу тасманы жаратуучу уюштуруучу топко жаңы инсандарды тартып атыптыр. Сиз кино дүйнөсүнө кандайча кошулдуңуз?

 

 

- Мен да киного ынтызар жаштарданмын. Төлөбеков менен Сулайманов биргелешип жаратып жатышкан “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмалары кыргыздын кийинки кезде чыккан эң мыкты кино туундуларынан.

 

 

“Президент жана бомж-3” тартыла баштаганын угуп, кино тармагына катышкым келип продюсерге кайрылдым. Буга дейре мен көп көрүнүктүү фирмаларда администратор болуп иштеп, көп өлкөлөргө чыккам. Чет тилдерди билем. “Президент жана бомж-3” көп өлкөлөрдө тартыла тургандыгынан жана менин эл аралык тажрыйбамдан улам мага тасмада уюштуруучулук-администраторлук кызматты сунушташты.

 

- “Президент жана бомж-1-2” – элге кеңири белгилүү тасмалар. Ал эми 3-сүндө кандай жаңылыктар күтүлөт?

 

- Азыр коомчулук кабардар болгондой, 18-мартта спорт сарайында тасманын эл кеңири катышкан эпизодун кыргыздын белгилүү ырчылары жана куудулдары катышкан концерт менен баштаганы турабыз. Мунун өзү да жаңылык. Өмүрзак жана Аскат байкелер айтышат: “Ким жолугуп сүйлөшсө эле “мени да киного тарткылачы. Чоң роль аткара албасам да бир элге көрүнсөм, кийин картайганда неберелерим телеканалдардан көрүп турушса жакшы болот эле!” деп суранышат. Айткыла, келишсин, эми келип киного түшүшсүн!”

 

Биз уюштуруу жумуштарын аткарабыз. Чыгармачыл топ кызуу иштеп жаткан кез. Алардын ишине жакшы деңгээлде шарт түзүүгө аракеттенип атабыз. Кудай буйруса, “Президент жана бомж-3” да кыргыз элинин сүйүктүү тасмаларынын бирине айланаарына бекем ишенебиз.

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити