Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков белгилүү коомдук ишмер Розетта Айтматовага энчилүү кол саат белек кылды.


Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 


Кыргызстанда өткөрүлгөн көптөгөн коомдук иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн Розетта Айтматовага ыраазычылык билдирген Төрага, жигердүү айымдардын арты менен өлкөдөгү бир катар социалдык-экономикалык маселелер чечилип жаткандыгын кошумчалады.


“Биз жүздөн ашык жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары катышкан “Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота" аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунда сиздин да пикириңизди укканыбызга кубанычтабыз.

Учурдан пайдаланып, келе жаткан майрамыңыз менен куттуктайм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм”, – деди Төрага.