- Самаган мырза, буга чейин журналистикада жүрүп келсеңиз, эми кино жаатына өтүп кеткениңиз тууралуу массалык маалымат каражапттарында жана социалдык тармактарда уу-дуу болуп жатат. “Президент жана бомж-3” тасмасына аткаруучу продюсер болуптурсуз. Бул жаңы кадамыңызды түшүндүрүп койбойсузбу?
- Өмүрзак Төлөбеков “Президент жана бомж-1-2” тасмаларын тартканга чейин журналистика тармагында бирге иштешкенбиз. Бул киши азыркы мезгилдин талабына ылайык күчтүү режиссер-продюссер болуп калды. Мен чыгармачылыкка жакын болгон үчүн, “Алтын Кылым Тарых-100” долбоордун телефильмдерин тартууга тажрыйба алыш үчүн, ал киши менен“Президент жана бомж” тасмасынын 3-бөлүгүн тартууга аткаруучу продюссер катары үзөңгүлөш кино тармагына жигердүү кириштик.
- “Президент жана бомж-3” чет өлкөлөрдө тартылмакчыбы?
- Ооба. Чыгармачылык процессте күнүгө өзгөрүү болот да. Айрым эпизоддор Европада, Америкада тартылмакчы. Ага чейин өзүбүздүн Кыргызстанда тартабыз. Бишкекте 18-мартта спорт сарайында, 14-мартта Жалалабадда Барпы театрында, 15-мартта Ошто драма театрында президент эл менен жолугушкан эпизоддор тартылат. Ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана белгилүү куудулдар катышкан кызыктуу чоң концерт менен коштолмокчу.
- Кино тартылып жана концерт коюлуп атса киного түшкүсү келген кишилерди залдарга кантип батырмакчысыздар?
- Билет сатылат. Бишкекте 400-500 сомдон болсо, Ош, Жалалабадда 200-250 сомдон. Ырчы-куудулдардын гонорары, аренда акылары, кино тартуу кызматтары кошулат да.
- Кыргызстанда, анан Европада тартсаңыздар анан эл көптөн чыдамсыздык менен күткөн кино кинотеатларга качан чыгат?
- 3-майда деп болжоп турабыз.
- Чындыгында эле “Президент жана бомж-3” көпүлүк күткөн кино тасма. Андыктан анын кызыктуу чыгып, кыргыз кино өнөрүнүн жаңы мыкты чыгармасына айланышына тилек кошобуз.
- Чоң рахмат!
Аэлита Сатындиева
Булак: “Майдан.kg” гезити