- Алдыга койгон максатка жетүү үчүн баарын эмнеден баштоо керек?

- Максатка жетүү үчүн белгилүү бир убакытты күтбөш керек. Эмнени жасаганды жакшы көрсөн, колуңан эмне келсе, ошол нерсе менен баштай бериш керек. “Бара-бара көч түзөлөт”- деген сыяктуу, тажрыйба дагы иш жүзүндө бат топтолот. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн талыкпай эмгектениш керек. Көпчүлүк учурда адамдар жумуштарын жарым жолдон таштап салышат, себеби алар кыска убакыттын  ичинде эле максатка жеткиси келет. Максатка жетүү талыкпай эмгектенүүнү эле эмес, сабырды да талап кылат. Ошол эле учурда адам алдыга койгон максатын чындап каалашы керек болот.

- Учурда эмне бизнес менен алексиз жана буга чейин бизнестин кандай түрлөрү менен алек болгонсуз?

- Учурда жеңил өнөр жай өндүрүшү менен алектенебиз. Кыргызстанда аялдардын кийимдерин тигип  Россия, Казакстанга экспорттойбуз. Мындан сырткары Ay Trendy  деген саркеч айымдарга арналган кийим дүкөндү иштетем. Бир нече бизнести жасап көргөм, бирок бул жашоодо адам өзүнүн күчтүү жагын таап, эмне жасагандан тажабаса, ошол нерсе менен күнү түнү алек болсо, ошол иштин артынан түшсө гана бизнес өнүгөт экен. Эң биринчи бизнесимди 5 жашымда “love is” сагыздарын сатып баштаганмын. Мен ойлойм өзүм табиятыман бизнеске шыгым бар окшойт деп. Себеби мен баардык ишимди нөлдөн баштагам. Мага эч ким акча берип “мынбуну жаса” деп айткан эмес.

 -Өзүңүздүн чакан бизнесиңиздин пайдубалын кантип тургуздуңуз?

- Менин ата-энем соода сатык менен алектенчү. Мен дагы кичине кезимен эле ишкерликке болгон кызыгуум башталган. Мектеп кезимде эле ата-энеме жардам берип жүрүп ишкерликке аралашып калгам. Ушундан улам кайсы жерде болбосун бизнес баштап кетүү оңой болду. Ушул бизнесимди башында 10-15 метрлеп кездеме алып, башка тигүү цехтерине буйрутма берип баштагам. Кийинчерээк 10 тигүү машинасы менен  баштап, аз-аздан машиналарды кошуп олтуруп, азыркы  күндө компаниямда 150нүн тегерегинде адамдар эмгектенет. Баары эле бир учурдам болуп кетбейт экен, акырындан кадам таштай берсен баары болот.

- Кийим-кечектердин жаңы моделдерин кантип ойлоп табасыз?

- Бизнес кылууда баардык ишти өзүңдүн колуң менен жасаш же аткарыш башкы маселе  эмес. Негизгиси идеяң дагы, миссияң дагы күчтүү болуп, командага ар тармактын мыктыларын тандай билиш керек. Өзүң программист, бухгалтер, конструктор, модель, дизайнер болуунун кереги жок. Анын баарын билем десең көп убакыт керектелет, ошол эле учурда адам бир гана багытта профессинал болсо жетиштүү болот деп ойлойм. Көпчүлүк адамдар “жумуштун баарын аткарам” деп, компаниянын өсүүсү менен алек болбой, компания аз убакыттын ичинде банкроттко учурайт. Командаң канчалык күчтүү болсо ошончолук бизнесиң жакшы жүрүшөт. Мен дагы биздин командага эң күчтүү деген эки конструктор-дизайнерди жумушка алгамын. Алар кайсы кездемеден кандай моделдер жакшы чыгат баарын ойлонуштуруп иштеп чыгышат. Кийим-кечектердин жаңы моделдерин улам жаңы ойлоп таап, кардарлардын купулуна толбосо, атаандашуу күч болгондуктан тез эле артта калып, ишиң жүрбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан изилденип, ойлонуп жатып жаңы моделдерди ойлоп таап турабыз. Эгерде модель жакшы болбосо, анда эч кандай пайданы күтпөй эле койсон болот.

- Чет өлкөдөн чогуу иш алып барууга сунуштар түшүп турабы?

- Биздин компанияда баа менен сапат айкалышкандыктан күн сайын чет-өлкөдөн  биздин товарларга болгон талап күчөөдө. Биз ал буйрутмаларды өз убагында жана жогорку сапат менен тигип жөнөткөнгө аракет кылабыз.

- Колунда акчасы бар адамдар кайрымдуулук иштерин жасап, аны жарнамалаганды жактырышат. Сизде бул жаатта кандай?

- Ар дайым кайрымдуулук кылып турганга аракет кылам. Себеби канчалык сен кайрымдуулукка акчанды жумшасан, сенин акчаң ошончо эсе дагы көбөйүп келет.  Тапкан акчаңда да береке болот. Кайрымдуулукта оң колун менен бергенди сол колун билбесин дейт, ошондуктан мен кылган кайрымдуулуктарымы эч кимге айтпай эле, коомчулука жар салбай эле жасайм. Кайрымдуулук Кудай Таалага жаккан иш, кайрымдуулук кылып адам ар түрдүү оорулардын, кырсыктардын алдын алса болот деп ишенем.

- Бизнесте жүргөн адамдар ийгилигинин сырын ар ким ар кандай түшүндүрүшөт. Сиздин ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

- Мен өзүмдү эң ийгиликтүү адамын деп айта албайм. Мен багынта турган ийгиликтер жана анын сырлары алдыда деп ойлойм. Өзү канча ийгиликтүү бизнесмен болсо ошончо түрдүү ийгиликтин сыры бар. Бирок баарынын бир окшоштуктары бар деп ойлойм. Менин ийгилигимдин сыры максатка карай талыкпай, чарчабай алдыга карап умтулуумда, болсо керек. Мен эч качан “болду эм”и деп олтуруп калган эмесмин. Банкрот болгон учурумда деле, үмүтүмдү үзүп кол шилтеп койбогом. Дагы бир сыр катары коммандама жумушчуларды алганда алардын өз ишин канчалык билгендигине эле карабастан, ал адамдын адамгерчилик мамилесине да карап алам. Адам канчалык адамгерчиликтүү болсо, ал ошончолук уятуу болот. Уятуу адам ар дайым жумушун  жогорку деңгээлде жан дүйнөсү менен аткарат.

- Жашоодо сиз карманган принцип?

- Ар дайым алдыга, эч качан артка жол жок.

- Азыркы тапта  Кыргызстанда бизнестин кайсы түрү актуалдуу болууда?

-  Бул бизнес актуалдуу деп бөлүп  айтуу кыйын. Ар бир нерсенин өзүнүн бир пик учуру болот. Туура убакта туура жерде болууга, туура иш алып барууга аракет кылыш керек. Себеби баардык бизнестин өзүнүн кардарлары, өзүнүн аудиториясы бар.

- Кандай жол менен аз убакта жеке бизнести өнүктүрүүгө болот?

-  Бизнес экиге бөлүнөт. Кыска убакыттын ичинде болотурган жана узак мөөнөтү талап кыла турган. Кыска мөөнөтүн ичинде боло турган бизнеске мисалы, алып- сатуу менен ,  интернет аркылуу, ар кандай кызмат көрсөтүүнүн ж.б. түрлөрү  менен тез убакыттын ичинде бизнес кылса болот.

- Тренинг семинарларды да уюштуруу менен алек болуп каласыз. Бул жаатта иш билгичтигиңизди кандай шкала менен баалайсыз?

- Тренинг- семинарларды уюштуруп баштаганыма саналуу гана айлар болгондуктан бул жаатта өтө билгичмин деп айта албайм. Жаңы бизнес баштайм дегендерге тажрыйбам жетсе керек.  Анткени бизнести мен төрөлө электе эле кылып бир жакшы көрсөткүчтөргө жеткен бизнесмен агай-эжелерибиз бар. Бирок болгон күч-аракетимди, убактымды жумшап, Москвага, Казакстанга  барып дүйнөлүк бизнес-тренерлерден сабак алып өз тажрыйбамды жогорулатып жатам. Алардан алган билимимди  жаштарыбыз менен бөлүшсөм мен үчүн сыймык.  Биздин Кыргызстаныбызда кыргыз тилдүү бизнес-тренерлер өтө аз, ошол себептен кыргызча бизнес жөнүндө маалыматтар пайдалуу болсо керек деп ойлойм. Акырындык менен, дүйнөлүк деңгээлге жетсем деген максатым бар.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити