2018-жылдын 3-мартында, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токмок, Жайыл жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

 

Бул тууралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти. 


Тактап айтканда:


-Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешиндеги “КСДП” саясий партиясынан Л. Янахунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т. Казакбаевге өткөрүп берилди;


- Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешиндеги  М. Карабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Омуркуловго өткөрүп берилди;


- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык кеңешиндеги  Х. Мамажонов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Н. Жолдошовго өткөрүп берилди.