Картинки по запросу авиакомпания тез жет 

 

Бишкектен Баткенге карай сапар алган учак авариялык акыбалга туш болгондуктан, кайра “Манас” абамайданына конгон.

 

Бул боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоду.

 

ИИМден билдиришкендей, кылмыш иши КР кылмыш жаза кодексинин 280- беренесине негизделген.  

 

Эске салсак, “Тез Жет” авиакомпаниясынын RJ-85 үлгүсүндөгү учагы 1-мартта авариялык конууга дуушар болгон. Учактын сол канатынын жарактан чыкканына байланыштуу учкучтар диспетчер аркылуу авариялык конуу болоорун билдиришкен. Анын ичинде 96 жүргүнчү болгон, учак ийгиликтүү жерге конгондо ичиндеги жүргүнчүлөр ыйлап жиберишкенин интернетке тараган видеодон көрүүгө болот.