“Кант” авиабазасынын аскер кызматкерлери көп балалуу үй-бүлөгө жардам беришти. Бул үй-бүлө алты балалуу, анын эң улуусу тогуз жашта болсо, кичүүсүнө сегиз ай гана толгон.

 

Бул тууралуу “Звезда” телеканалы билдирген.

 

 Бул акцияга аскер кызматкерлери менен   Александр Невский храмынын баштоочусу Евгений Циклаури жана “Кайрымдуулук” ыктыярчылар кыймылынын жетекчиси Галина Толстый да катышкан. Алар биргеликте көп балалуу үй-бүлөгө азык-түлүк, балдар кийимдерин, керектүү буюмдарды алып барышкан.

 

 Көп балалуу үй-бүлөнүн кожоюну Рафаил россиялык авиабазанын кызматкерлерине моралдык да, материалдык да жактан көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришкен.