Ысык-Ата райондук соту Чүй облусунун 39 жаштагы тургуну Олег Г.ны 10 жылга эркинен ажыратты. Ал жол коопсуздук эрежелерин сактабай койгон.

 

Сотто маалым болгондой, соттолуучу 2017-жылдын 15-октябрында  Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында мас абалында автоунаа айдап баратып, кол көтөргөн жүргүнчүлөрдү салган. Андан кийин рулду башкара албай калып, даракка барып урунган. Эки жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумушкан. Дагы эки адамдды Кант шаарындагы ооруканага жеткиришкен.

 

Райондук соттун чечимин Чүй облустук соту күчүндө калтырды.