Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз баяндама жасады. Эл өкүлүнүн айтымында, Ысык-Көл кинофестивалы КМШ ПАнын маанилүү иш-чараларынын бири болуп калат. «Бул иш-чара Кыргызстан үчүн да, кыргыз парламенти үчүн да кыйла маанилүү. Анын чыгымын жалгыз кыргыз тарап эмес, КМШга мүчө мамлекеттер да кошо тартат. Улуттук кинонун өсүшүнө да өбөлгө түзүлөт», - дейт ал.

 

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев Ысык-Көл кинофестивалы туризмдин өнүгүшүнөн тышкары, инвестициянын тартылыша, кошумча каражаттын түшүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзөрүн, кыргыз журтун үч нерсе – Манас, Айтматов, ана кыргыз киносу гана дүйнөгө таанытканын баса белгиледи. «Ушу тапта кыргыз киночулары жараткан кинофильмдер эл аралык деӊгээлде таанылды. Анын үстүнө, мындай демилге Жогорку Кеӊештин да абыроюн көтөрөт деген ойдомун», - деди ал.

 

Талкуу жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн депутаттардын баары Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү демилгесин колдой турганын билдиришти.