Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Депутат Алмазбек Эргешов токтом долбоору боюнча баяндама жасап, оору-сыркоолорду борбор калаага алып келүү сындуу машакаттуу иштерден улам Жалал-Абад облусунун Аксы районуна авиа каттамды жандандыруу маселесинин зарылдыгын чечмелеп берди. Мындан сырткары 350 миң калкы бар бул өрөөндүн элинин дагы көптөгөн кат-кайрылуулары бар. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Өзбекстан менен мамиле жашырып баратканын эске алганда Аксы менен чектеш жайгашкан Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары дагы уча тургандыгы айтылды. Демек, аэропорт өзүн өзү актайт.

 

Маалыматка ылайык, 1979-жылы курулган бул аэропорт, СССР кулагандан кийин ишин токтоткон.

 

Талкууда депутат Жанарбек Акаев элдин кызыкчылыгына багытталган токтом долбоорун колдоого алып, бул авиакаттамдын ачылышына “Авиатрафик” авиакмопаниясы дагы кызыкдар экенин тактады.

 

Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ички рейстерге учактардын жетишсизди көйгөй болуп жатканын, аэровокзал комплексин реконструкция жүргүзүүгө тендер жарыялангандыгын маалымдады.

 

Жыйынтыгында аталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.