Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 13 жаштагы мектеп окуучусу асынып алынган. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз орто мектептин 6-классында окучу. Анын сөөгү 23-февралда табылган.
Маалым болгондой, ал күнү кечинде кыз короого чыгып, көпкө дайынсыз кеткен. Ата-энеси издеп барышып, короодогу складан асынган абалында табышкан. Эч кандай кат жазып калтырган эмес. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барышып, күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилерин табышкан эмес. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.