Сузак районуна караштуу Орток айылынын тургундары жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүүдөн таптакыр баш тартып, ал жердеги мектепти убактылуу ачып берүүнү бийликтен талап кылышууда.
- 1998-жылы кооптуу аймактарда жашап жатышкан үй-бүлөлөргө бир нече ирет эскертүүлөр жасалган. Ушул тапта 33 кожолукту башка аймакка токтоосуз көчүрүү абзел! Мектеп имаратына дагы коркунуч күчөдү. Ошондуктан, агартуу журтун аргасыздан жаптык,- деп чырылдады өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карабеков. – Баса, 1998-жылдан 2005-жылга дейре Орток айылындагы 133 кожолукка тең жер тилкелери берилген. А түгүл алардын ар бирине 250 миң сомдон ссуда дагы таратылган. Булардын 100 чактысы коопсуз аймактарга көчүп кетишкен. Ал эми 33 түтүн мамлекеттен жардам алгандыгына карабастан, дагыле жер которуша элек.
- Айлабыз таптакыр куругунда айылдагы Т.Алыбаев атындапгы орто мектепти жаап, окуучуларын Жашасын айылындагы Жуманазаров атындагы орто мектепке жайланыштырып жатабыз. Ал эми тургундарды окуу жылы аяктагыча айылдагы ФАПка которуу маселесин караштыруудабыз,- деди Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити