Бул тууралуу “Кара-Кечени коргоо” коомдук комитетинин мүчөсү Жолдошбек Токоев билдирди.
Анын айтымында, учурда “Кыргызкөмүр” ишканасынын директорлугуна тоо-кен адистери, тажрыйбалуу кесипкөй адамдардын талапкерлиги каралып, бирок, алар четке кагылган экен. “КРнын жогорку Кеңешинин «Кыргызстан» фракциясынын «квотасы» менен спирт ичимдик компаниясында иштеген, кесиби курулушчу Жолдошбек Жунушев аттуу жигитти Өкмөт кен ишканасына дайындаганы жаткан белгилүү болду. Бул болочоктогу «көмүр королунун» баскан жолун иликтесек «чуу куйрук» жигит экен. Жумгалдыктар «Кара Кече» көмүр кенине мындай «чуу куруктун» кереги жок, “Кара-Кечеге» туруктуулук керек. Ал жерге кесиби тоо кен инженери керек. Эгер Жолдошбек Жунушев «Кыргызкөмүргө» дайындалса анда чатак чыгаары шексиз”,-дейт Жолдошбек Токоев.
Эске сала кетсек, 2017-жылы октябрь айында “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Мырза Жаманбаев кызматынан алынган.
Govori.TV