Картинки по запросу силовой структура кыргызстана 

 

Президент Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жансакчы жана коштоочулар менен жүрүп калганына нааразы болду.

 

Ал мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Жыйын бүгүн «Ала-Арча -1» мамлекеттик резиденциясында өттү. Белгилей кетсек, бул Жээнбековдун президент катары катышуусундагы биринчи жыйын.

 

Президент күч түзүмдөрүнүн  жана укук коргоо кызматтарынын жетекчилерин сынга алды.

 

«Силер элди кылмышкерлерден коргошуңар керек. Бирок, дагы деле жансакчы, коштоочулар менен жүргөнүңөргө караганда, өзүңөрдү деле коргой албайт окшойсуңар», - деген президент жетекчилерден  жансакчылардан баш тартууну талап кылды.

 

 «Силердин кызматтык автоунааңарда мамлекеттик эмес номерлер жабыштырылган. Ушинтип эреже бузганыңарды жашырасыңарбы? Албетте, бул майда нерсе, бирок, тартип болушу керек. Форма кийгиле. Анан да автоунааңарда мамлекеттик номер болууга тийиш», - деди Сооронбай Жээнбеков.