Азыркы парламентте Рыскелди Момбеков деген депутат бар. Өзүнүн кесиби журналист. Мурда, К.Бакиевдин доорунда ал кездеги башкы оппозиционер А.Атамбаевдин командасында болуп, жеке менчик гезити бийликти катыра сындап, 2010-жылдагы революция-төңкөрүштү ишке ашырууга чоң салым кошкондуктан, кийин майлуу-сүттүү деп саналган “Учкун” концернин башкарса, азыр КСДПнын бакыйган депутаты болуп отурат. Тубаса таланты барбы же болгусу келеби, айтор парламент трибунасында качан болбосун айтылуу Э.Турсуналиев агасындай төгүп, уйкаштырып, жамактатып сүйлөйт. Бирок буга чейин бийликтин таламын талашып, “жаманын жашырып, жакшысын ашырып” келген бул депутат Ак үй тарапка таш ыргыта баштагандыгы байкалууда. Болгондо да ал кечээ жакында сотторду тандап жатканда “Акаевдин тушунда эл сотторго 80% ишенбесе, азыр 90% ишенбей калды...”,- деп, андан ары көнгөн аванына салып, өлкөбүздүн сот системасы түбүнөн чирий баштагандыгын ашкерелеп өттү. Баарынан да бир нече миллиондорду жеген чиновниктерге 1 млн. сом, ал эми мамлекетке болгону 4 миң доллар зыян келтирген оппозициялык депутат А.Шыкмаматовго 5 млн. сом айып салган сотторду сомдогондугу таң каларлык болду. Эми азыркы сотторду экс-президент А.Атамбаев жана өзү мандатын кучактап отурган КСДП фракциясы тандабады беле? Рыскелди мырзанын бул “ат жүрүшү” Титаник кемесиндей чөгүп бараткан Атамбаев системасы менен өлкөнү башкарып аткан өз фракциясына каршы чыккандыгы эмеспи?

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити