Ушундай кошумча ысым менен кыргыз шоусунда таанымал, “Эсимде” ыры менен белгилүү болгон өзгөчө стили бар Кайрат Кыргыз аттуу ырчы жигиттин кийинүү стили коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты. Айрымдар анын кыргыз жигиттеринин намысына тийип жаткандыгын айтышса, башкалары ар ким өзү каалагандай кийинип, чачын жасай тургандыгын билдирип чыгышты. Ал тургай жеке адамдык касиетине шек келтирип, коркутуп-үркүтүүлөр да болуп кетти. Бул жагдайга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да көңүл буруп, ырчылардын кийинүү стили, чач жасалгасы алардын өз эрки экендигин билдирген кайрылуу таратты. Аталган министрликтин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат: “КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчылардын чач жасалгасын өзгөртүүсүн мажбурлап, аларга тыюу салууга укугу жок. Ар бир ырчы өзү каалагандай жасана алат. Эгерде ырчынын ырдаган ырынын текстинде экстремизмге багытталган үгүт сөздөр камтылган болсо, ага чара көрүлмөк. Ал эми ырчынын чач жасалгасы, кийген кийими жакпай жатса, аны жеке ырчы катары эске алабы же жокпу, Кайрат Кыргыздын өз эрки”. Бирок  “Белгилүү ырчынын улуттук баалуулуктарга шек келтирип кийинүүсү келечек муунга тескери тарбия берип, табитин бузууда”,- деген суроосуна ким жооп берет?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити