Жалал-Абад шаарындагы селсаяктар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Мында ушул тапта он чакты адам жансактап атышат. Булардын үчөө аялдар. Эң жашы 35те, а карысы 80 жашта.

 

Баса, карылар үчүн башпаанени жергиликтүү бийлик уюштурду. Анда ысык тамак, медициналык-социалдык тейлөө дагы каралган. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 91 миң сом дагы ажыратылды.

 

Айтмакчы, үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай Жалал-Абад шаарында 2011-жылдан бери иштеп келатат. Ал кырк орунга ылайыкташкан. Селсаяктарды кышкысын гана кабыл алат. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл мында келгендердин саны абдан эле аз. Көпчүлүгү түн ичинде баш багып, таң атаары менен эле чыгып кетишет.

 

Жергиликтүү милициянын эсебинде Жалал-Абад шаарында 25тей үй-жайсыз адам бар. Былтыр кышкы суукта беш селсаяк каза тапкан.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз